Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №3
““Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын техникалары үчүнкошумча имарат куруу максатында Назалов Калыбайга таандык 0,15 га там арка жер тилкесин сатып алуу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 2025-жылдын 24-декабрындагы №01-19/4851 чыгыш сандуу катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана техникаларды сактоо үчүн кошумча имарат куруу зарылдыгын эске алуу менен Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын техникалары үчүн кошумча имарат куруу максатында Назалов Калыбайга таандык жалпы аянты 0,15 га болгон там арка жер тилкесин белгиленген тартипте сатып алууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин сатып алуу баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун жыйынтыгынын негизинде аныкталсын.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө:
- Жер тилкесин сатып алуу боюнча тиешелүү компетенттүү органдар менен биргеликте тиешелүү документтерди мыйзамда белгиленген тартипте каттоону;
- Каржылоо маселесин жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша чечүүнү камсыз кылуу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Б.Кутбидин уулуна жана Бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.М.Козубаев |