Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №4
«Шаардык мэриянын 18.09.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарындагы ар жуманын төртүнчү күнү өтүүчү көчмө базарда муниципалдык жерде соода жүргүзгөн соодагерлер үчүн ижара акы жана таштанды үчүн төлөмдөрүн бекитип берүү тууралуу” № 01-19/2477 сандуу кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 18.09.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарындагы ар жуманын төртүнчү күнү өтүүчү көчмө базарда муниципалдык жерде соода жүргүзгөн соодагерлер үчүн муниципалдык жерди пайдаланган үчүн 200 сом ижара акыга жана таштанды үчүн 50 сом өлчөмүндө төлөмдөрүн бекитип берүү тууралуу” № 01-19/2477 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Джумаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 11- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 18.09.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарындагы ар жуманын төртүнчү күнү өтүүчү көчмө базарда муниципалдык жерде соода жүргүзгөн соодагерлер үчүн муниципалдык жерди пайдаланган үчүн 200 сом ижара акыга жана таштанды үчүн 50 сом өлчөмүндө төлөмдөрүн бекитип берүү тууралуу” № 01-19/2477 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Джумаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шамалдуу-Сай шаарындагы ар жуманын төртүнчү күнү өтүүчү көчмө базарда муниципалдык жерде соода жүргүзгөн соодагерлер үчүн муниципалдык жерди пайдаланган үчүн 200 сом ижара акыга жана таштанды үчүн 50 сом өлчөмүндө жума сайын төлөм алуу боюнча шаардык мэриянын демилгеси КР Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтомунун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып 1 ай 20 күн аралыгында гана, Шамалдуу-Сай шаарындагы ар жуманын төртүнчү күнү өтүүчү көчмө базарда муниципалдык жерде соода жүргүзгөн соодагерлер үчүн муниципалдык жерди пайдаланган үчүн 150 сом ижара акыга жана таштанды үчүн 50 сом өлчөмүндө жума сайын төлөм алуу боюнча шаардык мэриянын демилгесине, шаар мэрине (М. Тотонов) мыйзамдуулугун жоопкерчилик алуусу менен макулдук берилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А. Джумаевге) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |