Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 23-декабры №16-1
Ат-Башы айылынын Ак-Өргөө конушундагы Ч. Асаналиев №74/1 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчиктеги 4500 чарчы метр жер тилкесин тоорукка коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 10-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алып, курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 17-декабрындагы №15 протоколунун, ошондой эле “Ат-Башы Эт комбинаты” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2025-жылдын 1-октябрындагы №02-1/692 сандуу кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Ат-Башы айылынын Ак-Өргөө конушунун Ч. Асаналиев көчөсү №74/1 дарегинде жайгашкан, “Ат-Башы Эт комбинаты” жоопкерчилиги чектелген коомунун убактылуу пайдалануусунда турган муниципалдык менчиктеги 4500 (төрт миң беш жүз) чарчы метр жер тилкеси тоорукка коюлсун.
2. Муниципалдык менчикте турган жерлерди берүү эрежеси бекитилгенден кийин, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси боюнча тоорук иш-чараларын мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү Ат-Башы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| У. Мелис уулу |