Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 27-ноябры №15-1
Б. Асыпбековдун жер тилкесин максаттуу пайдалануу
багытын өзгөртүү жөнүндө
Ат-Башы айылынын тургуну Асыпбеков Бакайдын М. Казиев көчөсү 56/3 дарегиндеги 700,0 чарчы метр жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча 2025-жылдын 24-октябрындагы кайрылуусу каралып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13, 14-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 24-ноябрындагы №14 корутундусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ат-Башы айылынын тургуну Б. Асыпбековдун жеке менчигиндеги 700,0 чарчы метр (иден.коду 4-02-01-1001-2985) жер тилкесинин «бакча (огород) катары пайдалануу»максат багыты «турак жай куруу» багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү техникалык документтерин кайра иштеп чыгуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин Ат-Башы айыл өкмөтү мыйзам талаптарына ылайык камсыз кылсын.
3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнчатуруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Мелис уулу |