Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №3
“2025-жылдын жылдык планына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун берген маалыматынын негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнүн жылдык планына өзгөртүүлөрдү киргизип берүү боюнча таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салыктын жана салыктык эмес төлөмдөрүнүн жылдык планына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Төмөнкү жергиликтүү салыктык жана салыктын эмес төлөмдөр планынан жалпы 25 502 700 (жыйырма беш миллион беш жүз эки миң жети жүз) сом кыскартылсын:
- 11111100 Киреше салыгы. 19 657 200 (он тогуз миллион алты жүз элүү жети миң эки жүз ) сом акча каражаты,
- 11122200 Патентке негизделген салыктан 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты,
- Башка классификацияланбаган металдардан 1 970 500 ( бир миллион тогуз жүз
жетимиш миң беш жүз) сом акча каражаты,
- Лицензияны кармап тургандыгы үчүн төлөмгө 3 465 500 (үч миллион төрт жүз
алтымыш беш миң беш жүз) сом акча каражаты,
- 14152100 калктуу пунктарда жерди ижарага алуу акысы үчүн 25 100 (жыйырма беш миң бир жүз) сом акча каражаты,
- 11321200 Айыл чарба жерлерине мүлк салыгы үчүн 334 400 (үч жүз отуз төрт миң төрт жүз) сом акча каражаты
3. Ал эми төмөнкү жергиликтүү салыктык жана салыктын эмес төлөмдөр планына жалпы 24 399 400 (жыйырма төрт миллион үч жүз токсон тогуз миң төрт жүз) сом кошулуп берилсин:
- 11321100 Там арка салыгы үчүн 171 500 (бир жүз жетимиш бир миң беш жүз) сом акча каражаты,
- 11321300 Айыл чарбасына жараксыз жер салыгына 645 400 (алты жүз кырк беш миң жүз) сом акча каражаты,
- 14224200 Калктуу пунктардагы таштандыларды чогултуу үчүн төлөм 29 000
(жыйрма тогуз миң) сом акча каражаты,
- 14511400 Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн чегерүүгө 23 553 500 (жыйрма үч миллион беш жүз элүү үч миң беш жүз) сом акча каражаты.
4.Бул токтомду аткарууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М.Козубаев |