Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №4
«Шаардын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу»
Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 25.09.2025-жылдагы №01-17/2555 “Шаардын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 11 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 25.05.2023-жылдагы №01-17/2555 “Шаардын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумаевдин маалыматы эске алынсын.
2.2025-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджеттин планы 13790,0 мин кошумча толукталгандыгы белгиленип, Шамалдуу-Сай шаарынын 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 13790,0 мин сомго көбөйтүп, өзгөртүү киргизилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022-жылдагы №266 ПЖ Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 01.08.2022-жылдагы №433 токтомуна ылайык, Шамалдуу-Сай шаарынын 2025-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 13790,0 мин сомго өзгөртүү киргизилсин.
4.Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 2025-жылга бекитилген сметасында 2462,0 мин сом акча каражаты үнөмдөлгөндүгү белгиленсин.
5.2025-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджеттин планына кошумча каражаттар менен 13790,0 мин сом, Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын сметасында үнөмдөлгөн каражаттан 2462,0 мин сом, жалпы – 16252,0 мин сом каражаттардын эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
1) ГСМ (күйүүчү-майлоочу майлар): берене 2214 – 153 200 сом;
2) Түрдүү чыгымдар: берене 2215 – 8 633 000 сом, анын ичинен:
ПСД “Таза суу” – 6 712641
Ваучерге 2 балага – 36 000;
Айгай үчүн 3 мектепке – 203 400;
Сан. эпид. дезинфекцияга – 139 000;
Эл каттоого (ГСМ) – 7 000;
2027 аскер бөлүгү (асфальттоо 5 тонна) – 30 000;
№58(10) мектептин ички ажаатканасын оңдоо – 400 000;
№55(2) мектепке кошумча имарат курууга – 600 000;
№55(2) башталгыч мектептин алдына брусчатка басуу – 200 000;
Жолдорго белги орнотууга – 200 000;
Жолдорго белги орнотуу (кыз, бала) – 112 000;
Мугалимдер күнүнө – 20 000;
Энергетиктер күнүнө – 40 000;
Жаңы жылга – 200 000;
Зордук-зомбулукту алдын алуу (инклюзивдик иш чаралар) – 45 000;
ДМЧлар күнү (1-топ 26 000, балдар 20 000) – 50 000;
Тех. надзорго (стадион боюнча) – 150 000;
Проект документтери (Уркия, экспертиза) – 250 000;
3)Кеңештин чечими менен эмгек акы: берене 2111 – 525 200 сом, анын ичинен: 40%
Аппарат эмгек акы – 293 700;
ММД эмгек акы – 203 200;
Кеңеш жооптуу катчы эмгек акы – 28 300;
4)Кеңештин чечими менен соц.фонд – берене 2121 – 90 700, анын ичинен:
Аппарат - 50 700;
ММД – 35 100;
Кеңештин жооптуу катчысы – 4 900;
5)Коммуналдык чыгымдар: берене 2231 – 1 000 000 сом.
6)Мэрдин резервдик фонду: берене 2824 – 137 900.
7)Эмеректер жана курулуштар: берене 3111 – 1 550 000, анын ичинен:
Мектеп, бала бакчаларга тиричилик буюмдары (быт.техника) – 1 000 000;
Микрорайон көчөсүнө тротуар курууга – 450 000;
Ч.Айтматов көчөсүнө айлампа куруу – 100 000;
Автоунааларды сатып алуу (кызматтык унаа, самосвал, желмаян): берене 3112 – 1 700 000 сом.
8)ЧЭМ “Суу канал” ишканасына саркынды суу кудуктары үчүн атайын жасалган чоюн капкактарды сатып алуу үчүн ( 40 даана): берене 3111 – 400 000 сом;
9)№58 А.Осмонов орто мектебине откана (котельный) курууга, берене 3111 - 800000 сом;
10) Кабель (Зым) жарыктандыруу системасына (Кураев), берене 3111 - 370 000 сом
11) Щебень (Шагал) №58(10) А.Осмонов орто мектебине, берене 3111 - 130 000 сом;
5.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А. Джумаевге) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |