Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №7
«Шаардык мэриянын 25.09.2025-жылдагы “Электр станциялар” ААК филиалы Таш-Көмүр ГЭС каскадына караштуу коммуналдык ишканалар комбинатын (КИК) Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу тууралуу” №01-19/2556 сандуу кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 25.09.2025-жылдагы ““Электр станциялар” ААКтын филиалы Таш-Көмүр ГЭС каскадына караштуу коммуналдык ишканалар комбинатын (КИК) Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу тууралуу” №01-19/2556 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 11- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык мэриянын 25.09.2025-жылдагы ““Электр станциялар” ААКтын филиалы Таш-Көмүр ГЭС каскадына караштуу коммуналдык ишканалар комбинатын (КИК) Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу тууралуу” №01-19/2556 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматы эске алынсын.
2.Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин 23.01.2025-жылдагы №4 токтомуна өзгөртүү-толуктоолор киргизилсин.
3.“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Электр станциялар” ААК филиалы Таш-Көмүр ГЭС каскадына караштуу коммуналдык ишканалар комбинатын (КИК) Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясына кабыл алууга макулдук берилсин.
4.Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясына (М. Тотонов) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте шаардык кенештин “Экономика жана бюджет” жана “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссияларынын 04.08.2025-жылдагы №2 протоколундагы чечимдерин эске алуу менен бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
5.Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясына (М. Тотонов) коммуналдык ишканалар комбинатын муниципалдык менчикке кабыл алууда;
– 2026-2031-жж чейин субсидиялоо;
– Шамалдуу-Сай шаарындагы Таш-Көмүр ГЭС каскадынын балансындагы кыймылсыз мүлктөрдү, социалдык объекттилерди, батир, мейманкана жана техникалык каражаттары менен кабыл алуусу;
– Насостук станциядагы насостордун жаңылануусу каралсын.
6.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |