Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 27-ноябры №15-5
Ат-Башы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү
жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
2025-жылдын 19-августундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү” №502 токтомун ишке ашыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитип берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн берген сунушу сессияда каралып жана талкуулангандыгын эске алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Ат-Башы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү маселе сессияда каралып, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болбогондугу белгиленсин.
2. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| У. Мелис уулу |