Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №11/71
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө келип түшкөн акча каражаттарын бөлүп берүү үчүн Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы А. Садыгалиеваннын баяндамасын угуп жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын V кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө келип түшкөн 20 000 000 (жыйырма миллион) сом акча каражаты төмөндөгү статьяларга бөлүнүп берилсин.
2. 3112- Миӊ-Булак айыл аймагына Бульдозёр тракторун алууга 8 200 000 (сегиз миллион эки жүз миӊ) сом
3. 3111-Куйбышев айылындагы көрүстөндү коруу үчүн 268 200 (эки жүз алтымыш сегиз миӊ эки жүз миӊ) сом
4. 3112- Айыл өкмөтүнө 20 тонналык контейнер алуу үчүн 232300 (эки жүз отуз эки миӊ үч жүз) сом
5. 2215- Куйбышев айылына транцформатор үчүн 313500 (үч жүз он үч миӊ беш жүз) сом
6. 3111- Куйбышев айылына суу латокторун сатып алууга 7 000 000 (жети миллион) сом.
7. 3111- Эчки-Башы айылындагы кичи футбол аянтчасын ремонтто үчүн 2 640 000 (эки миллион алты жүз кырк миӊ) сом
8. 3111- Миӊ-Булак айылындагы «Сырымбет-Ата» бала бакчасына оюн айантчасын курууга 1 325 000 (бир миллион үч жүз жыйырма беш миӊ) сом
9. 2222- Трансформатор орнотуу үчүн кабель провод алууга 21 000 (жыйырма бир миӊ) сом.
10. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
11. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |