Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 27-ноябры №15-6
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2026-2030-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 25-ноябрындагы №2 корутундусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын жайыттарын натыйжалуу пайдалануу, алардын экологиялык абалын жакшыртуу, мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана жайыт фондун туруктуу башкарууну камсыз кылуу максатында сунушталган Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2026–2030-жылдарга карата плансессияда каралып чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Ат-Башы айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана пайдалануу боюнча 2026–2030-жылдарга карата план 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген планга ылайык иш-чараларды аткаруу “Ат-Башы тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт адистерине жүктөлсүн.
3. Пландын аткарылышы жөнүндө маалымат жыл сайын айылдык кеңештин сессиясына сунушталып турсун.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Мелис уулу |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2025-жылдын
27-ноябрындагы
кезексиз XV сессиясынын
№15-6 токтомуна 1-тиркеме
ТИПТҮҮ
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА
ПЛАНЫ
2026 -2030-ЖЫЛДАРГА КАРАТА (5 жылга чейин)
МАЗМУНУ
1. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ 3
1.1. Айыл аймагы боюнча маалымат: географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы....................................................................................................................................................3
1.2. Жер ресурстары 3
2. ЖАЙЫТ РЕСУРСТАРЫ, ИНФРАСТРУКТУРА ЖАНА АЛАРДЫН АБАЛЫ
2.1. Жайыт участокторунун картасы..........................................................................4
2.2. Жайыт ресурстарынын жалпы мүнөздөмөсү (аянты, түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу, абалы)...................................................................................................................................................5
2.3. Жайыт инфраструктура объектилери жана алардын абалы.............................................6
2.4. Климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи...........6
3. МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ 7
3.1. Быйылкы жылга шарттуу малдын башы 7
3.2. 5 жылга карата болжолдуу шарттуу малдын башы жана тоютка болгон муктаждык 8
3.3. Сезон боюнча жайыттардагы жана жайыттан башка дагы жер участокторундагы тоюттун көлөмү 9
3.4. Даярдалуучу тоюттун көлөмү 9
3.5. Тоют балансы 9
4. 5 ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ, АЛАРДЫ ЖАКШЫРТУУ ЖАНА РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО БОЮНЧА ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ 10
4.1. Фокус топторду сурамжылоонун жыйынтыктарынын негизинде жайыт пайдалануучулардын муктаждыктарын баалоо анализи.........................................................10
4.2. Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча чаралары...........12
4.3. Жайыттарды пайдалануу планы............................................................................................13
4.4. Башка максаттарда жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы..........................14
4.5. Малдардын ден-соолугун коргоо боюнча чаралар............................................................15
4.6. Айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар.....................................................................17
4.7. Инвестициялар жана иш-чаралар.......................................................................................22
4.8. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча иш-чаралар 24
5. ТИРКЕМЕЛЕР..................................................................................................................28
1. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
1.1. Айыл аймак боюнча маалымат -географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы
Ат-Башы айыл аймагы Нарын облусунун Ат-Башы районунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан.
Ат-Башы айыл аймагынын климаты негизинен континенталдуу климаттарга кирет. Июнь айындагы абанын орточо температурасы +20 +25°C, август айында +25 +30 °C. Эң суук күндөр январь айына туш келет -25 -30 тен -30-35°C ке чейин. Өтө ысык аба ырайы июль айында күтүлөт.
Ат-Башы айыл аймагында 3 айыл бар. Ат-Башы айылы айыл аймактын административдик борбору болуп саналат.
2025-жылдын 1-январына карата маалымат боюнча айыл аймактын калкынын саны 25838 адам, түтүндүн саны 4059.
Калктын кирешесинин негизги булагы мал чарбасы түзөт. Айыл аймактын калкынын 90% мал чарбасында эмгектенишет, 90% -жер иштетүүчүлөр жана 10% башка тармактарда эмгектенишет.
Калктын жана түтүндөрдүн саны тууралуу маалымат