Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №11/72
М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драм театры менен кызматашууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 14.10.2025-жылдагы 02-2-4/1069 кайрылуусу боюнча Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драм театры менен Куйбышев айылындагы О. Осмонов атындагы маданият үйү менен биргеликте иштөөгө макулдук берүү үчүн Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын V кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драм театры менен Куйбышев айылындагы О. Осмонов атындагы маданият үйү театрдык спектакилдерди өткөрүү, маданий массалык иш чараларды биргеликте уюуштурууга макулдук берилсин.
1. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин..
2. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |