Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 5- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 25-июну № 6/1
З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2028-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 19 главасынын 60 беренелеринин негизинде, З.Кайназарова атындагы айылдык кеңештин күн тартибине сунушталган маселе боюнча СЭӨБ башчысы-башкы бухгалтер А.Б.Мамырбаеванын 2026-2028-жылдарга бюджеттин долбоору жѳнүндѳ маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтү боюнча 2026-2028-жылдарга сунушталган бюджеттин долбоору:
1. кийинки көрсөткүчтөр менен № 1 жана № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2024-жылга кирешелердин накталай түшүүсү – 26856,2 миң сом
2024-жылга бюджеттик чыгашалар боюнча бекитилген план 23099,2 миң.сом, атайын эсепке 4960,0 миң сом менен.
2024-жылга накталай чыгашалар бюджет боюнча 35755,6 миң.сом, атайын эсеп боюнча 4960,0 миң сом менен.
Бюджеттин киреше бөлүгүндө 2025-жылга бекитилген планы 28555,8 миң сом менен.
2025-жылга чыгаша бөлүгү боюнча бекитилген бюджеттин планы бюджеттик эсеп боюнча -42597,6 миң сом, атайын эсепке – 5015,1 миң сом.
2025-жылга бюджеттин киреше бөлүгүндө күтүлүп жаткан аткарылышы 24063,5 миң сомду түзөт.
2025-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүндө күтүлүп жаткан аткарылышы бюджеттик эсеп боюнча 35857,5 миң сом, атайын эсеп боюнча 6074,0 миң сом.
Иш жүзүндө 2025-жылдын 5 айында кирешелер боюнча 10233,0 миң сом пландалып, 9398,0 миң сом аткарылынды.
2025-жылдын 5 айында иш жүзүндө аткарылгандыгы бюджеттин чыгаша бөлүгүндө бюджеттик эсеп боюнча –10492,6 миң сом, атайын эсеп боюнча –1724,3 миң сом.
2. Ошондой эле 2026-2028 жылдарга кийинки көрсөткүчтөрлөрү бекитилсин:
2026-жылга
Кирешелер боюнча – 23640,4 миң сом, бюджеттик эсеп боюнча чыгашалар боюнча – 30942,1 миң сом, атайын эсеп боюнча - 6074,0 миң сом.
2027-жылга
Кирешелер боюнча – 23653,4 миң сом, бюджеттик эсеп боюнча чыгашалар боюнча – 30955,1 миң сом, атайын эсеп боюнча - 6074,0 миң сом.
2028-жылга
Кирешелер боюнча – 23661,6 миң сом, бюджеттик эсеп боюнча чыгашалар боюнча – 30963,3 миң сом, атайын эсеп боюнча - 6074,0 миң сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктѳлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин бюджет боюнча комиссиясынын тѳрайымы Ч.Т. Абдиевага жүктѳлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |