Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 5- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 25-июну № 6/2
З. Кайназарова атындагы айыл аймагында калктуу конуштарда Кз зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө»
Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Ж.А. Бобушевдин “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388-беренесине ылайык имараттарга, курулмаларга жана жайлар үчүн зоналдык Кз коэффициентин, калктуу конуштун жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн 404-беренесине ылайык, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З. Кайназарова атындагы айыл аймагында айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди жана короо-жай жана багбанчылык -огороддук участокторду эсептөө үчүн Кз=2,0 зоналдык коэффициенти бекитилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик нормативдик актыларынын реестерине киргизүү үчүн жиберилсин. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |