Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-августу № 9/1
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө лизингке “Шевроле Треккер” авто унаасын алуу жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу автоунаа алуу жөнүндө Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековдун берген сунушу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесинин негизинде Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу “Шевроле Треккер” автотранспорт каражатын алууга макулдук берилсин.
2. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.К.Карыбековго “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу “Шевроле Треккер” автоунаасын алуу үчүн:
- Белгиленген тартипте “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана лизингдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесинин 3-пунктунун негизинде жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү жылдарга акча каражаттарын кароо боюнча сунуштарды киргизүү жагы милдеттендирилсин;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципиалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Дунаев |