Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-сентябры № 10/2
Ынтымак айыл аймагында сугат сууга болгон төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагында сугат сууга болгон төлөмдөрүн бекитүү боюнча “Ынтымак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Артиковдун берген өтүнүч катын карап, талкуулап Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагы боюнча сугат сууга болгон төлөм 1(бир) га сугат жерге 2000 сомго бекитилсин.
2. Ынтымак айыл аймагы боюнча сугат сууга болгон төлөм 1 (бир) га сугат жерден 2000 сомдон топтоо жагы Б.Артиковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |