Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-сентябры № 10/3
Катуу тиричилик калдыктары (таштандыга) болгон төлөмүн жогорулатуу жөнүндө.
Катуу тиричилик калдыктары (таштандыга) болгон төлөмүн жогорулатуу боюнча “Ынтымак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Артиковдун берген өтүнүч катын карап талкуулап Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катуу тиричилик калдыктары (таштандыга ) болгон төлөмүн Ынтымак айыл аймагы боюнча ар бир кожолукка 150 (жүз элүү) сомдон, өндүрүштүк ишканаларга жана коммерциялык мекеме ишканаларга 1 кубуна 300 (үч жүз) сомдон, таштанды таштоочу жайга өзү алып барып таштагандарга 1 кубуна 150 (жүз элүү) сомдон бекитилсин.
2. Катуу тиричилик калдыктары (таштандыга ) болгон төлөмүн Ынтымак айыл аймагы боюнча ар бир кожолукка 150 (жүз элүү) сомдон, өндүрүштүк ишканаларга жана коммерциялык мекеме ишканаларга 1 кубуна 300 (үч жүз) сомдон төлөмдөрдү топтоо жагы Б. Артиковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |