Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-сентябры № 10/4
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык Мыйзамы” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык Мыйзамын” Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 04-сентябрындагы №26-234 буйругу Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын №04/2624 сандуу катын аткаруу максатында, Ынтымак айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу тартиби жөнүндө атайын иш чара иштелип чыгып, ал боюнча Ынтымак айылдык кеңешинин депутаттары таанышып талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагында Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык Мыйзамы” жөнүндөгү иш чаранын аткарылышы жетекчиликке алынсын.
2. Ынтымак айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу тартипке келтирүүнү, жумуш күндөрү тартиби жөнүндө маселе боюнча атайын иш чара иштеп чыгып, айыл аймагындагы айылдарга, ишкана мекемелерге таркатуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий мекемелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |