Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 11/2
№305-Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, Ынтымак айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө (Улуттук тазалык күнү)
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө Ынтымак айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 Жарлыгына ылайык, айыл аймактарды көрктөндүрүү, тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу кызмат көрсөтүү, экологиялык абалды жакшыртуу максатында Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 Жарлыгына ылайык Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча Ынтымак айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан жобосун бекитүү жөнүндө тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген жобого ылайык иш алып баруу жагы Ынтымак айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |
2025-жылдын 10-октябрындагы кезектеги XI сессиясынын №11/2 токтомуна 1-тиркеме
Ынтымак айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери
I Жалпы жоболор
1) Ынтымак айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, “өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2) Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн Ынтымак айыл аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3) Айыл өкмөт башчы ушул эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү меселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
4) Өкмөт башчы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
II Негизги түшүнүктөр жана терминдер
5) Ушул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент -тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү – калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
КТТК чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;
Бекитилдген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштун жана башка объекттер жайгашкан аймак;
Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
Ири көлөмдүү таштандылар – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жанга чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б);
Контейнер аянтчасы – өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды – ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, керектөө жана өндүрүш калдыктары;
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар – чектелген аянтта таштандыларды таштоо үчүн атайын урналарды орнотуу
Парк – эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
III Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
6) Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандылардын калдыктарды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында – карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды тазалоону камтыйт;
7) Мекеме уюмдар, менчик ээлери, турак жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды жума сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо “Ынтымак” Тазалык муниципалдык ишканасы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү. Ошондой эле кварталдык комитеттердин төрага, төрайымдары көзөмөлдөйт.
8) Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
9) Айыл өкмөтү тарабынан көчөдөгү соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (ашкана, кафе бар, маркеттерди магазиндерди, кичи соода борборлорду) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт. Ошондой эле кварталдык комитеттердин төрага, төрайымдары көзөмөлдөйт.
10) Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт. Ошондой эле кварталдык комитеттердин төрага, төрайымдары көзөмөлдөйт.
IV Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
11) Ишканалардын жана тийишип турган жеке турак жайларында (зыян бербөө үчүн) жер тилкелеринде, ички аймактарында полиэтилен таштандыларын, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюуу салынат.
V Жашылдандыруу
12) Оъектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет;
- бак-дарактарды отургузуу
- бак- дарактрды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – жер кыртышын азыктандыруу, суугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
- айылыбызды жашылдандыруу тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт: