Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 11/3
Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылында жаңы курулган “Таш-Арык” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесин ачуу жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылында жаңы курулган “Таш-Арык” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесин ачуу үчүн Зикирова Нуржамалдын арызын карап, Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маданий агартуу социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу максатында Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылынын тургуну Зикирова Нуржамалдын арызын канаттандыруу максатында Таш-Арык айылында жаңы курулган “Таш-Арык” мектепке чейинки билим берүү уюуму мекемесин ачууга уруксат берилсин.
2. Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылында жаңы курулган “Таш-Арык” мектепке чейинки билим берүү уюуму мекемесине чыгымдалуучу чыгымдар, кышка карата көмүр, ремонт жумуштарына сметанын негизинде Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Ынтымак айыл аймагынын Таш-Арык айылында жаңы курулган “Таш-Арык” мектепке чейинки билим берүү уюуму мекемесинин ачуу үчүн штат бирдиктерин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага: | А.Дунаев |