Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-октябры № 12/1
“Мурас” социалдык шаарчасынын жер аянтынын ичинен, Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан курулуучу көп кабаттуу үйлөрдүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-марты № 37 сандуу “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренеси жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 сандуу токтомунун 21-беренесине ылайык, Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын К.Султанов көчөсүнүн №38 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 8,383 га (идентификациялык номери; 5-04-04-1001-1606) муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ичинен 1,95 га жер аянтын “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын К.Султанов көчөсүнүн №38 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 8,38 га (идентификациялык номери; 5-04-04-1001-1606) муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ичинен 1,95 га жер аянтын “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |