Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги секизинчи сессиясы
2025-жылдын 19-августундагы №8/2
«Кербен тазалык жана Көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына Кербен шаарына караштуу “Ак-Сай” участкасынан кум-шагал алуучу карьер бөлүп берүү жѳнүндѳ»
“Кербен Тазалык жана Көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасын тарбынан 2025-жылдын 22-июлдагы № 01-8/80 сандуу катын ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин сууресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 7 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кербен шаарынын аймагындагы”Ак-Сай” участкасынан “Кербен Тазалык жана
Көрктөндүрүу” муниципалдык ишканасына 20 гектар кум-шагал алуу үчүн жер бөлүнүп берилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясына тиешелүү жер кодексине жараша, архитектуралык жана экологиялык нормалардын негизинде мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин сууресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Мамытовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |