Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги секизинчи сессиясы
2025-жылдын 19-августундагы №8/4
«Кербен шаарынын айрым депутаттарына жана атуулдарына «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Кербен шаарынын жашоочуларынын жыйынынын жана сунуштардын ошондой эле
өмүр баянын, эмгек жолун, алган сыйлыктары кошкон салымын эске алып «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-майындагы № 8 ошондой эле 2025-жылдын 18- августундагы № 9 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кербен шаарынын төмөндөгү атуулдарга Кербен шаарына социалдык экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жаткандыктарын жана көп жылдык эмгектерин эске алып «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилсин:
1). Жакыпов Асанбай
2). Каратаева Бегайым Атантаевна
3). Карабаев Өмуркул Назанович
4). Сагынбаев Авазбек Апсаматович
5). Сарматов Маратбек Тойчубекович
6). Сыргабаев Абсаттар Токтогулович
7). Узенов Иличбек Муратович
2. Кербен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын тастыктоочу белгилери менен камсыз кылуу жагы Кербен шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төраагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |