Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-ноябры №13/77
Куйбышев айылындагы кичи футбол аянтчасына Түмөнбаев Сапарбектин ысымын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы 25-мартындагы №149 Токтомуна ылайык жана Түмөнбаев Дүйшөнбектин кайрылуу катын карап жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылыдагы жабык түрүндөгү кичи футбол аянтчасына Түмөнбаев Сапарбектин ысымын берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |