Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-ноябры №13/78
Миӊ-Булак айыл аймагынын Миӊ-Булак айылындагы Т. Байсалов орто мектебиндеги эскирген бак дарактарды кыркуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Т. Байсалов атындагы орто мектебинин 03.11.2025-жылдагы №35 каты боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы С. Чекировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын Миӊ-Булак айылындагы Т. Байсалов атындагы орто мектебинин бак короосундагы эскилиги жеткен 40 (кырк) түп теректерди кыйууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |