Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-ноябры №13/81
Миӊ-Булак айыл аймагындагы кичи футбол аянтчаларын пайдаланууда тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 14.11.2025-жылдагы №02.2.4/465 каты боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы С. Чекировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы кичи футбол аянчаларын пайдаланууда төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
№ | Аталышы | убактысы | Суммасы сом менен |
1 | Миӊ-Булак айыл аймагындагы кичи футбол аянтчаларына туруктуу жашоочулары ойноо үчүн | 1 саат | 200 |
2 | Миӊ-Булак айыл аймагындагы кичи футбол аянтчаларына сыртан келип ойноочулар үчүн | 1 саат | 500 |
2. Кичи футбол аянтчаларынан түшкөн каражаттар Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн атайын эсебине түшүрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
4. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |