Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-ноябры №13/83
Жер-Көчкү айылындагы Кыязов атындагы орто мектебинин жаӊы имаратын көмүр отуну менен камсыздоо жɵнүндɵ
Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылындагы Б. Кыязов атындагы орто мектебинин жаӊы корпусун көмүр отуну менен камсыздоо үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынан жылдырып берүү боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылындагы Б. Кыязов атындагы орто мектебинин жаӊы корпусун көмүр отуну менен камсыздоо үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынан төмөнкү мекемелерден жылдырылып берилсин;
Ж. Мамбетаипов атындагы бала бакчасынан -5080 (беш миӊ сексен) сом
С. Усупов атындагы бала бакчасынан -10550 (он миӊ беш жүз элүү) сом
Сырымбет-ата атындагы бала бакчасынан -24476 (жыйырма төрт миӊ төрт жүз жетимиш алты) сом
Баластан бала бакчасынан -23210 (жыйырма үч миӊ эки жүз он) сом
Китепкана -4748 (төрт миӊ жети жүз кырк сегиз) сом
АЧП - 5775 (беш миӊ жети жүз жетимиш беш миӊ) сом
Жалпысы: 73839 (жетимиш үч миӊ сексен )
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |