Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 23-декабры № 440
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесинин ишин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесинин штаттык санын 65 штаттык бирдикке чейин (алардын ичинен: негизги персонал - 17 штаттык бирдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 48 штаттык бирдик) көбөйтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесине 24 бирдикке чейин сезондук жумушчуларды тартууга уруксат берсин;
3) ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |