Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын II-кезекcиз сессиясы
2025-жылдын 14-майы №5/2
Мунапыска кеткен “СТОнун алды”, “Кара-Шаар”, “Мусакожонун үстү” жана “Уу кампа” участкаларындагы көчөлөргө ат ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,мунапыска кеткен “СТОнун алды”, “Кара-Шаар”, “Мусакожонун үстү” жана “Уу кампа” участкаларындагы көчөлөргө расмий түрдө ат ыйгаруу максатында Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши,токтом кылат:
1. Мунапыска кеткен “СТОнун алды”, “Кара-Шаар”, “Мусакожонун үстү” жана “Уу кампа” участкаларындагы жаӊы көчөлөргө төмөндөгүдөй аттар ыйгарылсын;
1.”СТОнун алды” участкасындагы жаӊы көчөгө “СТО”
2.”Кара-Шаар” участкасындагы жаӊы көчөгө “Кара-Шаар”
3.”Мусакожонун үстү” участкасындагы жаӊы көчөгө “Мусакожо”
4.”Уу кампа” участкасындагы жаӊы көчөгө “Уу кампа”.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |