Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезексиз Х-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 9-сентябры № 69
“Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №54 жарлыгы жана №194 мыйзамын аткаруу жөнүндө” |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 ”Кыргыз Ресубликасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адатгарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 ”Тынчтык жөнүндө” мыйзамына ылайык Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы М. К. Абдухамитовдун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезексиз Х-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кулунду айылдык кенешинин Х-сессиясынын отурумунун №10-протоколунун чечиминин 1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагындагы жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттер (жайлар) жана аймактар, калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында той-мааракелердин убагына чектөө төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына жана Лейлек районунун Кулунду айылдык милиция бөлүмүнө милдеттендирилсин.
З. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кецештин Мыйзамдуулук, мандат, укук, жаштар иштери жана депутатгык этика боюнча туруктуу комиссиясына жуктелсун.
Төрага | А.А.Досов |