Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезексиз Х-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 9-сентябры № 70
“Кулунду айыл өкмөтүнүн Раззаков жана Максат айылдарына жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн башкы планын бекитип берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тилкелеринен көчүрүлүүгө тийиш болгон жарандарды жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, ”Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын З-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 11-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу екулунун 2025-жылдын 25-июнундагы № 01-18/2548, № 01-18/2549 корутундуларын, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 23-июлундагы, № 15, 16 токтомунун негизинде Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз Х сессиясынын отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.Кулунду айыл аймагынын Тажикстан тарапка өткөн айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү максатында Максат айылынын №1, №4, №6 контруларынан жалпы аянты 44,05 га жана Раззаков айылынын №376 контрунан 11,19 га жерине Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган башкы планы жактырылып бекитилип берилсин. 2.Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
|
|
Төрага | А.А.Досов |