Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз V- сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 58
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын Этика Кодексин бекитүү
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын Этика Кодекси менен таанышып жана талкуулап чыгып, Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын Этика Кодекси бекитилсин (Кодекс тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Сулайманов Бакытка жүктөлсүн.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |
|
| Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 58- токтомуна тиркеме |
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКА КОДЕКСИ
Бул Кодекс Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Каракол айылдык кеңешинин депутаттарынын сөзсүз түрдө аткарылуучу моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүктүн жана жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кемчиликсиз кесиптик жана жарандык беделине ээ болуу керек.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймактын (мындан ары – аймак), өкүлдөрү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө аймактын кызыкчылыктары, анын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүү максаттарын жетекчиликке алууга тийиш.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, анын жашоочуларынын кызыкчылыктарына туура келтирбеген аракеттерге жумшабоосу керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү жамааттардын Уставына, жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуусу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар бирдей эле убакта өзүнүн кадырын сактоо менен башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадыр-баркын сыйлашы керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тийешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуу-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.