Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезексиз Х-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 9-сентябры № 77
“И. Раззаков айылындагы жана Максат айылындагы көчөлөрдүн атын атоо жөнүндө”
Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары” жөнүндө мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын отурумунун №10 протоколунун 10-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагынын И.Раззаков айылындагы жаңы конуштагы көчөлөрдүн аты Ариет, Тынчтык, Достук деп жана Максат айылындагы жаңы конуштагы көчөлөрдүн аты Ынтымак жана Биримдик деп аталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына
Төрага | А.А.Досов |