Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 80
“Кулунду айыл өкмөт башчысынын 9 айлык отчетун угуу жөнүндө” |
Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы М. К. Абдухамитовдун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кулунду айылдык кенешинин ХI-сессиясынын отурумунун №11-протоколунун чечиминин 1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл өкмөт башчысынын 2025-жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча 9 айлык отчету канааттандырарлык деп табылсын жана жыл аягына чейин жыл башында бекитилген пландагы иш чаралар толугу менен аткарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |