Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 80
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги №196 токтомун жетекчиликке жана аткарууга алып, Кулунду айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М. А. Жусупованын баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги XI-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин XI-сессиясынын отурумунун №11-протоколунун чечиминин 3-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча нускама жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштурууга Кулунду айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен тийешелүү сумммадагы акча каражаты бөлүнуп берилсин.
3. Ушул токтом Кулунду айылдык кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.А.Досов |
Тиркеме Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча нускама 1-глава. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркысапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча ушул нускама (мындан ары– Нускама) Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруунун тартибин аныктайт. 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүү мамлекеттин атынан расмий зыйнат болуп саналат. 3. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин жарандык акыркы сапарга узатуу зыйнаттары ушул Нускамага ылайык уюштурулат. 4. Мамлекеттик акыркы сапарга узатуу зыйнаты төмөнкүлөр үчүн уюштурулушу мүмкүн: 1) жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлык– “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээлери; 2) өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлык– “Ата Мекен Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасынын ээлери; 3) өзгөчө категориядагымамлекеттиксыйлык–“ЭмгекБаатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасынын ээлери; 4) СССРдин жогорку артыкчылык даражасы–Советтер Союзунун Баатыры наамынын ээлери; 5) СССРдин жогорку артыкчылык даражасы– Социалисттик Эмгектин Баатыры наамынын ээлери; 6) “СССРдин эл артисти”, “СССРдин эл сүрөтчүсү”, “СССРдин эл архитектору”, “СССРдин эл дарыгери”, “СССРдин эл мугалими” ардак наамдарынын ээлери; 7) “Кыргыз Республикасынын эл акыны”, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”, “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” биринчи категориядагы ардак наамдарынын ээлери; 8) Кыргыз Республикасынын экс-президенти наамынын ээлери; 9) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс төрагалары; 10) Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министрлери; 11) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун экс төрагалары; 12) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун экс-төрагалары; 13) СССРдин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиктери; 14) Ушул Нускаманын 4-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик узатуу камсыз кылынуучу көрүнүктүү ишмерлер аныкталышы мүмкүн. 2-глава. Акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу 5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү тескемеси менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин мамлекеттик акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин (мындан ары– Уюштуруу комитети) түзө алат. 6.Уюштуруу комитети мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынчабашкарууоргандарынажанарасымдыккызматтардыкөрсөтүү кызматтарына тиешелүү тапшырмаларды берүүгө, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоого укуктуу. 7. Көрүнүктүү ишмерлердинсөөгүнжайгакоюужеримаркумдун керээзине же аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын жүзөгө ашыруучу адамдар (мураскерлери, балдары, жакын туугандары, достору ж.б.) менен макулдашуу боюнча үрп-адаттарды, каада-салттарды жана диний ырым-жырымдарды эске алуу менен аныкталат. 8. Мамлекеттик акыркы сапарга узатуу зыйнаты маркум акыркы үч жыл ичинде иштеген мекемеде, Уюштуруу комитети же мураскер аныктаган атайын аныкталган жерде өткөрүлүшү мүмкүн. 9. Уюштуруу комитетинин төрагасы расмий коноктордун тизмесин, ошондой эле макулдашуу боюнча КыргызРеспубликасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан гүлчамбарларды аныктайт. 10. Жакын туугандары жана улгайган адамдар үчүн отуруучу орундуктар даярдалат. 11. Жарандык акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүчү жерде үн күчөтүүчү аппаратура орнотулушу мүмкүн. 12. Катышуучуларды сөөк көмүлүүчү жерге ташуу үчүн транспорт уюштурулат. 13. Акыркы сапарга узатуу зыйнатынын форматы аныкталат жана программасы түзүлөт; 14. ТабыттыжабууүчүнКыргызРеспубликасынынМамлекеттик туусун даярдоо жүргүзүлөт. 15. Маркум иштеген мекеме же уюм же анын жакындары, кесиптештери тарабынан анын портрети, некрологу, программа жана сүйлөөчү сөздөрдүн тезистери даярдалат. 16. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда коомдук тартип камсыз кылынат. 17. Аза кортежи жол контролу кызматы тарабынан коштолот. 18. Акыркы сапарга узатуу зыйнатынын жүрүшүндө аскердик ардак кароол жана оркестр уюштурулат. 19. Уюштуруу комитетинин ыйгарым укуктары: 1) маркумдун жакындары менен жарандык акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүү; 2) жарандык акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүчү жайды аныктоо; 3) мамлекеттик акыркы сапарга программасын жана форматын иштеп чыгуу; узатуу зыйнатынын 4) акыркы сапарга узатуу зыйнатын каржылоо жана маркумдун үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү маселелерин кароо; 5) зарыл болгон иш-чараларды уюштуруу (техника, транспорт, коопсуздук, аскердик оркестр). 3-глава. Акыркы сапарга узатуу процессиясы 20. Аскердик ардак кароол: 1) акыркы сапарга узатуу зыйнатында даярдалган жерге табытты коёт; 2) аза ленталарын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун, маркумдун портретин, мамлекеттик сыйлыктарын, атайын гүлчамбарларды кармап турат; 3) маркумдун сөөгү салынган табытты көтөрүүнү камсыздайт; 4) аскердик оркестр акыркы сапарга узатуу зыйнатын коштойт. 21. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты убагында алдын ала даярдалган программага ылайык аза күтүү сөздөрү айтылып, гүлчамбарлар жана гүлдөр коюлат. 22. Сөөктү жайга коюу процессиясы маркумдун сөөгү салынган табытты сөөк көмүлүүчү жайга жеткирүүнү камтыйт. 23. Процессиянын маршруту тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат, зарыл болгон коопсуздук камсыз кылынат. 24. Аза митинги маркумдун сөөгү салынган табытты мүрзөгө түшүрөрдүн алдында өтөт. 25. Аскердик ардак кароол мүрзөнүн жанына тизилет. Гүлчамбарларды, маркумдун ордендерин жана медалдарын көтөргөн солдаттар, ошондой эле ардак кароол мүрзөнүн жанынан орун алат. 26. Зарыл болгон учурда сөөктү көмүү убагында диний ырасымдар жана каада-салт сакталат. 27. Ушул жобонун 4-пунктунун 1–3 жана 8–12-пунктчаларында көрсөтүлгөн ишмерлерди узатууда ардак кароолдун дайындалган бөлүкчөсү үч жолу кур дүрмөттөр менен асманга карай ок атат. 28. Ок атуудан кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ойнотулат. 29. Сөөктү жайга коюу процессиясы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан чагылдырылат. 4-глава. Корутунду жоболор 30. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты убагында диний, этностук, социалдык же саясий көз карашта чыр-чатактарды чыгарууга тыюу салынат. 311. Ушул Нускамада каралган мамлекеттик акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүү тартиби Уюштуруу комитети тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
|