Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 85
“Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылынын чыгыш тарабында Гулякандоз каналынын жээгиндеги 0,25 га жерин бир багыттан экинчи бир багытка которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясынын отурумунун №11 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылынын чыгыш тарабында Гулякандоз каналынын жээгиндеги 0,25 га жерин көмүр база, кампа катары колдонуу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин (трансформациялоо) жана программасы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |