Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 87
“Кулунду айыл аймагындагы жалпы пайдалануудагы жер аянттарын ижарага берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 78-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571 токтомуна ылайык, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясынын отурумунун №11 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 4-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айылдык кеңешинин 2025-жылдын 01-августундагы №63 токтомуна өзгөртүү киргизип, Кулунду айыл аймагындагы жалпы пайдалануудагы жер аянттарына жеңил түрдөгү курулуш колдонуп ижарага колдонуу жагы;
- Бир жылдан беш жылга чейин ачык торук аркылуу
- Бир жылга чейинки мезгилде (6 айга) бизнес долбоордун (суусундук, балмуздак ж.б. сатуу жана парк жайы боюнча) негизинде түз келишим аркылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |