Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын II-кезекcиз сессиясы
2025-жылдын 14-майы №5/4
Жаӊы-Арык айылынын тургуну Р.Качкыналиевдин 4-03-03-1001-1219 идентификациялык коду менен катталган жер аянтын 4-03-03-1001-1215 иденттификациялык коду менен катталган муниципалдык жер аянтына алмашуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаӊы-Арык айылынын тургуну Р.Качкыналиевдин 4-03-03-1001-1219 идентификациялык коду менен катталган жер аянтын 4-03-03-1001-1215 идентификациялык коду менен катталган муниципалдык жер аянтына алмашуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, агрардык жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Д.Дүйшөналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Кызарт айылынын тургуну Р.Качкыналиев 4-03-03-1001-1215 идентификациялык коду менен катталган 2524,5 кв. муниципалдык жер аянтына турак-жай, короо сарай салып алгандыгына байланыштуу, бул жер аянтынын 1382,4 кв.м жер аянты, Р.Качкыналиевдин жеке менчигиндеги 4-03-03-1001-1219 идентификациялык коду менен катталган 1382,4 кв.м жер аянтына алмашылсын;
2. 4-03-03-1001-1215 идентификациялык кодундагы муниципалдык жер аянтындагы ашык 1142,1 кв.м жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык жери катары калтырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, агрардык жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Д.Дүйшөналиевге тапшырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |