Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №9
«Шаардык мэриянын 25.09.2025-жылдагы “Муниципалдык менчик департаментиндеги автоунаалардын жана техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларын аныктап берүү тууралуу №01-17/2539 сандуу кайрылуу каты жөнүндө »
Шаардык мэриянын 25.09.2025-жылдагы “Муниципалдык менчик департаментиндеги автоунаалардын жана техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларын аныктап берүү тууралуу №01-17/2539 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Джумаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 11- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 25.09.2025-жылдагы “Муниципалдык менчик департаментиндеги автоунаалардын жана техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларын аныктап берүү тууралуу №01-17/2539 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Джумаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Муниципалдык менчик департаментиндеги автоунаалардын жана техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларын аныктап берүү, көз карандысыз баалоочунун корундусунун негизинде иш алып баруу жагы сунушталсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А. Джумаевге) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |