Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын

кезексиз II сессиясы

 

  2024-жылдын 20-декабрындагы №2

 

«Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссияларды түзүү жөнүндө»

 

Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссияларды түзүү тууралуу шаардык Кенештин төрагасынын орун басары З. Кенешовдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 2- cессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссияларды түзүү тууралуу шаардык Кенештин төрагасынын орун басары З. Кенешовдун маалыматы эске алынсын.

2. Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин алдында төмөнкүдөй 4 (төрт) туруктуу комиссия түзүлсүн:

1) “Мандат, депутаттардын ишмердүүлүгү, этика жана социалдык маселелер” боюнча;

2) «Мыйзамдуулук жана укук тартиби иштери» боюнча;

3) «Экономикалык реформалоо, аймактарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана бюджет» боюнча;

4) «Өнөр-жай, транспорт, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, айыл чарба жана энергетика» боюнча;

 

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.

4. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин төрагасынын орун басарына (З. Кенешовго) жүктөлсүн.

 

 

Шамалдуу-Сай шаардык

депутаттар Кенешинин төрагасы:

 

               З.А. Сатаров