Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 89
“Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кээ бир чыгаша беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г. Исакованын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А. Гайназаровдун баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги XI-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап, талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин XI-сессиясынын отурумунун №11-протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 8-пунктунун жана Кулунду айыл өкмөтүнүн №18-билдирүү тактамасынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетинен түшпөй калган кээ бир киреше бөлүгү жалпы суммасы 2585500 (эки миллион беш жүз сексен беш миң беш жүз) сомду №18 билдирүү тактамасына ылайык
– транспорт салыгы -11312200 беренеси 2020000 (эки миллион жыйырма миң) сом
– жер салыгы -11321200 беренеси 565500 (беш жүз алтымыш беш миң беш жүз) сом
Жалпы сумма 2585500 (эки миллион беш жүз сексен беш миң беш жүз) сомду жылдык сметасынын чыгаша бөлүгүнөн азайтууга макулдук берилсин:
- эмгек акы 2111 беренеси - 2245500 (эки миллион эки жүз кырк беш миң беш жүз) сом
- имараттар 3111 беренеси - 340000 (үч жүз кырк миң) сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |