Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 91
“Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кээ бир чыгаша беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г. Исакованын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А. Гайназаровдун баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги XI-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап, талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин XI-сессиясынын отурумунун №11-протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 9-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин төрагасын орг техника менен камсыздоого 115000 сом акча каражатын кароо (күчтүү лазердик принтер 35000 сом жана күчтүү дизайн программалоо компьютер 80000) 2026-жылдын бюджетине киргизилсин.
2. И. Раззаков айылынын Маданият үйүнө 327500 сом (смета тиркелет) жергиликтүү бюджеттин эсебинен кароо үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине бекитилип берилсин.
3. Булак-Башы айылынын ички көчөлөрүн түнкү жарыктандырууга 54000 сом ар бир чырактын болжолдуу баасы 1800 сомдон 2026-жылдын иш планына киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |