Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХII-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 12-декабры № 94
“Арка массивине суу берүү үчүн Максат каналынын Лот 4 объектисинин курулушуна жер бөлүп берүү жөнүндө” |
Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы М. К. Абдухамитовдун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезектеги ХII-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-беренелерине ылайык, Кулунду айылдык кенеши ХII-сессиясынын отурумунун №12-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арка массивине суу берүү үчүн Максат каналынын Лот 4 объектисинин курулушуна №4508, 5602, 4502, 4618, 4617, 4628, 4629, 4635, 4608, 4560, 4561, 4562, 4563, 4605, 4604, 4665, 4601, 4566, 4567-контурларынан-убактылуу пайдаланууга 32,9 га, биротоло пайдаланууга 27,41 га, жалпы 51,00 га жер тилкелерин бөлүнүп берилишине макулдук берилсин жана биротоло пайдаланууга берилүүчү 27,41 га “Айыл чарба багытындагы”жайыт жерин “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттар” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |