Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 10-октябрындагы №4
«Кормоцех жана Чиртек-Сай калктуу пунктуна “Айыл” макамын берүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетинин талаптарына ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эргеш Алиев айыл өкмөтүндөгү Кормоцех жана Чиртек-Сай калктуу пунктуна “Айыл” макамын берүү жөнүндө жашоочуларынын жалпы элдик жыйналышынын протоколу бекитилсин.
2.Кормоцех жана Чиртек-Сай калктуу пунктунун схемалык картасын, чек араларынын баяндамасын, калктуу конуштун аннотациясын, экономикалык эсептөөлөрүн даярдоо Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
М.Ажикулова
|