ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезектеги 11- сессиясы
2025-жылдын 29-декабры №49
2026-жылга жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчилике алып, ошондой эле айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Исхак-Полотхан айылдык кеңеш, токтом кылат:
- 2026-жылга Исхак-Полотхан айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы 2026-жылга Исхак-Полотхан айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча бекитилген планды ишке ашырууну камсыз кылсын жана жылдын жыйынтыгы боюнча анын аткарылышы жөнүндө маалымат даярдасын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарына жарыялансын.
- Ушул токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.