ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезектеги 11- сессиясы
2025-жылдын 29-декабры №50
Исхак-Полотхан айыл өкмөтү тарабынан сунушталган долбоорлорго өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренелерин жетекчилике алып, ошондой эле айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Исхак-Полотхан айылдык кеңеш, токтом кылат:
- Исхак-Полотхан айыл өкмөтү тарабынан 2026-жылга Кадамжай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан колдонуучу долбоорлорго Жошук айылындагы Ак-Шоола балдар бакчасынын имаратын ремонтоого өздүк салым 200 000 (эки жүз миң)сом, Исхак-Полотхан муниципалдык ишканага таштанды таштоочу урна алууга 100 000 (жүз миң)сом, айыл өкмөттүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл өкмөттөн өздүк салым 370 000(үч жүз жетимиш миң)сом, өздүк салым кароого макулдук берилсин.
- Кыргыз Республикасы тарабынан берилүүчү дем берүүчү грандка маданият үйүн капиталдык ремонттоого 770 000 (жети жүз жетимиш миң)сом акча каражатты кароого макулдук берилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарына жарыялансын.
- Ушул токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.