Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын

кезексиз III сессиясы

 

  2025-жылдын 23-январындагы №1

 

«Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2024-жылында аткарылышы боюнча шаардын мэринин отчету»

 

Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2024-жыл ичинде шаардын мэри М.Тотоновдун отчетун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги III – cессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардын мэри М.Тотоновдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.

3. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумаев) жүктөлсүн.

 

 

Шамалдуу-Сай шаардык

депутаттар Кенешинин төрагасы:

 

               З.А. Сатаров