Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын II-кезекcиз сессиясы
2025-жылдын 14-майы №5/5
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинен акча каражатын беренелерге жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Түгөлбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши,токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинин 3111 беренесиндеги Куйручук-Кызарт айыл аймагынын долбоорлордун өздүк салымы үчүн коюлган 1 631 414 сом акча каражатынын ичинен 280 000 сом акча каражаты технадзордун кызматын сатып алууга 2215 беренесине жылдырылсын;
2. 2222 беренесиндеги Акжолтой-Апа бала бакчасына стол,стул,жалюзи алууга коюлган 150 000 сом акча каражатынын ичинен 100 000 сом акча каражаты айыл аймагындагы бала бакчалардын кызматкерлеринин командировкалык чыгымдары үчүн 2211 беренесине жылдырылсын жана 50 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин командировкалык чыгымдары үчүн 2211 беренесине жылдырылсын;
3. 3111 беренесиндеги Куйручук айылындагы расколду жасатууга коюлган 150 000 сом акча каражаты көчмө раскол жасатууга 2215 беренесине жылдырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |