Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 6-сессиясынын

 

2021-жылдын 16-ноябры № 6-4

Ак-Коргон айыл аймагына караштуу жайыт багытындагы жерлерден өнөр жай тармагында пайдалануу жөнүндө

Ак-Коргон айыл аймагына караштуу жайыт багытындагы жерлерден өнөр жай тармагында пайдаланып айыл өкмөттүн экономикасын индустуриялаштыруусун материалдык жактан өнүктүрүү максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл аймагындагы жайыт багытындагы жерлерден Кыргыз Республикасынын 535-токтомунун негизинде өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер  категориясына  которуу (трансформациялоо) менен  Ак-Коргон айылынын “Падакана” участкасындагы № 32 контурунан 1,0 га, “Тоокана” участкасындагы № 40 контурунан 6,0 га, Баястан айылынын “Кызыл-Кол” участкасындагы № 438 контурунан 9,50 га, № 425 контурунан 3,0 га, № 430 контурунан 2,0 га, № 434 контурунан 7,50 га ,“Протравка” участкасындагы № 56 контурунан 3,0 га, “Капчыгай” участкасындагы № 136 контурунан 4.0 га, “Маслаат добо” участкасындагы № 66 контурунан 2,0 га, “Андагул” участкасындагы № 462 контурунан 4,0 га, “Маслаат добо” участкасындагы № 101 контурунан 5,0 га, Сафед-Булан айылынын “Курук-Сай үстү” участкасындагы № 82 контурунан 4,50 га, “Курук-Сай” участкасындагы № 62 контурунан 3,0 га “Капчыгай” участкасындагы №126 контурунан 3,0 га, “Падек-2” участкасындагы № 128 контурунан 6,0 га “Кызыл-Кесек” участкасындагы № 139 контурунан  2,50 га, “Улак чапты” участкасындагы №140 контурунан 3,0 га “Учташ” участкасындагы №286 контурундагы 2,0 га, Падек айылындагы “Тулпар Булак” участкасындагы №11 контурундагы 11,50 га, “Паст Коргон” участкасындагы №186 контурунан 15,0 га, мүрзө үчүн “Мурат Тоо” участкасындагы №13 контурунан 5,0 га жер аянттарын берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Т.Отахоновго тапшырылсын.

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Т. Туманбаев.