Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 6-сессиясынын

 

2021-жылдын 16-ноябры   № 6-7

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылында уюлдук байланыштын сапатын жакшыртуу чаралары жөнүндө.

Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылында уюлдук байланыштын сапатын жакшыртуу максатында, Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28 чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы “Гулабад” участкасынан“Альфа Телеком” ЖАКнын (соода белгиси MegaCom) жетекчилигинде байланыш түйүнүн антеннасын орноту үчүн 20 кв м жер аянтын атайын келишимдин негизинде берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси Т.Отахоновго тапшырылсын.

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн.

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Т. Туманбаев