Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 07- августундагы №1
«Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардык мэриянын отчету»
Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардын мэри М.Тотоновдун отчетун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 9 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардын мэри М.Тотоновдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
3.Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумаев) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |